Майлуу-Суу лампа заводунда энергия үнөмдөөчү жабдууларды чыгаруу сунушталды

20.12.2023, 13:18 Акчабар
Майлуу-Суу лампа заводунда энергия үнөмдөөчү жабдууларды чыгаруу сунушталды

Энергетика министрлиги Майлуу-Суу лампа заводунун базасында заманбап энергия үнөмдөөчү жабдууларды чыгарууну сунуштоодо.

Демилге министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна киргизилип, ведомство коомдук талкууга койгон.

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине бул мүмкүнчүлүктү карап чыгуу сунушталат.

Ошону менен бирге, Соода-өнөр жай палатасына, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына республиканын аймактарында технологияларды жеткирүүчү, күн батареяларын чыгарган жана тейлөөчү биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча конкреттүү долбоорлордун тизмесин карап чыгуу сунушталат.

Ошондой эле, Мамлекеттик бажы кызматына күн батареяларын алып келүүнү жөнөкөйлөтүү механизмдерин киргизүү сунушталды.

Тэги: Майлуу -Суу лампа заводу энергетика бажы коридору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть