Малайзиядагы мекендештер Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

29.07.2020, 16:00 Акчабар
Малайзиядагы мекендештер Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу Малайзияда жашаган мекендештер 57 миң сом өлчөмүндө каражат чогултуп, «Биз биргебиз» коронавируска каршы күрөшүү элдик штабына өткөрүп берген. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Андан сырткары, Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери, чет мамлекеттердеги мекендештер менен байланыш Кеңешинин төрайымы Айгүл Акималиева Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын ооруканасына эки кычкылтек концентраторун берген.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Түркиядагы кыргыз диаспорасы 10 миңден ашуун долларга 15 кычкылтек концентраторун гуманитардык жардам катары тартуулаган.

Тэги: Малайзиядагы мекендештер гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть