Мамкурулуш курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 309 лицензия берген

16.07.2020, 12:30 Акчабар
Мамкурулуш курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 309 лицензия берген

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында КР Мамлекеттик курулушунун жөнгө салуу ишмердүүлүгү бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 309 лицензия берилген. Бул тууралуу КР Мамлекеттик курулушунун расмий сайтында айтылат.

Регионалдык өнүктүрүү боюнча, Бишкек шаары боюнча берилген лицензиялардын саны- 168, Чүй облусу боюнча- 26, Талас облусу боюнча- 6, Ысык-Көл облусу боюнча-8, Ош облусу боюнча 78, Баткен блусу боюнча-4, Жалал-Абад облусу боюнча 17 жана Нарын облусу боюнча 2 түзгөн.

Лицензиялардын жалпы санынын ичинен 305 лицензия КРнын юридикалык жактарына, ал эми 4- жеке ишкерлерге берилген.

Белгиленгендей, 219 уюм лицензияларын биринчи жолу алууда, ал эми 3 уюмдун лицензиялары «Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген тастыкталган лицензияларынын реестрине» киргизилген.

Отчеттук убакыттын ичине баардыгы лицензия алууга 322 билдирүү түшкөндүгү айтылат.

Тэги: мамлекеттик курулуш биринчи жарым жылдык лицензия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть