«Манас» эл аралык аэропортунун» төрагасы Бактыбек Сыдыков «Ысык-Көл» аэропортуна иш сапар менен барды

22.01.2021, 13:45 Акчабар
«Манас» эл аралык аэропортунун» төрагасы Бактыбек Сыдыков «Ысык-Көл» аэропортуна иш сапар менен барды

2021-жылдын 21-январында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков иш сапары менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна барып, андагы иштер менен таанышты.

Башкармалыктын Төрагасы аэропорттун жана аэровокзалдын аймагын кыдырып, текшерүү жүргүздү.

Иш сапардын жүрүшүндө Бактыбек Сыдыков облустук аэропорттун бардык кызматтарынын кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү, ошондой эле жакынкы келечекке пландаштырылган долбоорлор, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аэропорттун толук кандуу иштеши үчүн техникалар менен жабдууларды жабдуу жана жаңыртуу тууралуу айтты. Ысык-Көл филиалын жоюу жана кызматкерлердин «Манас» эл аралык аэропорту» ААКна өтүүсү тууралуу маселелер көтөрүлүп, натыйжада эмгек акынын 7% дан 9% га чейин көтөрүлүшү, окутуу жана квалификациясын жогорулатуу ж.б. маселелер каралды.

Башкармалыктын төрагасы 2021-жылы аймактык аэропортторду өнүктүрүүгө жана жаңы рейстерди тартуу маселелерине максималдуу көңүл буруларын дагы белгиледи.

Тэги: Аэропорт «Манас»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть