Кыргызстанга пандемия учурунда Кытай бийлиги тарабынан 6 млн 764 миң 605 млн долларга гуманитардык жардам келген. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Алар:
Алынган гуманитардык жардам КР Саламаттык сактоо министрлигине, Куралдуу күчтөрүнүн Генштабына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына, ошондой эле башка мамлекетик мекемелерге жана республиканын региондоруна берилген.
Апрель айынан июль айына чейин кытайлык жеке компаниялардан гуманитардык жардам келип түшкөн, алсак: «ZIJIN» жана анын КРдеги туундуу компаниясы «Алтынкен», ЖЧК «Му Линь Сэнь», «Хуавэй», «Cosco» компаниялары, Пекиндин социалдык өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо ассоциациясы жана башкалар. Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 645 миң 41 АКШ долларын түзгөн медициналык коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттер тапшырылган.