Мартта күйүүчү-майлоочу майдын баасы 9-10%га кымбатташы мүмкүн

16.02.2021, 14:15 Акчабар
Мартта күйүүчү-майлоочу майдын баасы 9-10%га кымбатташы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы 2021-жылы март айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы 9-10%га кымбатташы мүмкүн деп болжолдоодо. Бул тууралуу ассоциациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нефти продукциясынын республиканын аймагындагы азыркы коруна жүргүзүлгөн анализдин жана Россияда нефти продукциясына баанынын актуалдуулугунун негизинде Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы ушул жылы март айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы орточо 9-10%га кымбатташы мүмкүн деп болжолдоодо.

Ага карабастан нефтетрейдер-компаниялар баанын өсүшүн жөнгө салуу саясатын жүргүзүп, күйүүчү май рыногундагы кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөгө аракеттерин көрүүгө ниеттенүүдө.

Тэги: нефтетрейдер кымбат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть