MegaCom: Өзгөчө абал учурунда абоненттер АКЫСЫЗ чалуу аткара алышат!

07.04.2020, 12:00 Акчабар
MegaCom: Өзгөчө абал учурунда абоненттер АКЫСЫЗ чалуу аткара алышат!

MegaCom компаниясы, социалдык жооптуу ишкана катары, өлкөбүздө киргизилген өзгөчө абал шартында кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүүнү улантуу менен, өз абоненттерин көз жаздымда калтырбай келет. Учурдагы түзүлгөн жагдайда бардыгыбыз үчүн байланышта болуу маанилүү эмеспи.

Балансы нөл же нөлдөн төмөн абалда болгон MegaCom абонентине күн сайын түйүн ичинде чалуу үчүнакысыз 10 мүнөт автоматтык түрдө берилет .

«Бүгүнкү күндө бардык эле абоненттер уюлдук байланыш кызматтары үчүн акы төлөй албай тургандыгын түшүнөбүз. Ал эми өз убагында аткарылган чалуу кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калуусу ыктымал. MegaCom үчүн абоненттеринин мүдөөлөрү ар дайым алдыңкы орунда жана MegaCom компаниясынын жетекчилиги тарабынан абоненттерине колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды, - деп белгилешет «Альфа Телеком» ЖАКтын өкүлдөрү. – Биз өз абоненттерибизди баалайбыз жана алардын ар дайым байланышта болуусуна өбөлгө түзүп беребиз. Өкмөтүбүздүн сунуштамаларын так аткаруу, бирдиктүү күч-аракет жумшоо менен, коронавирус илдетине каршы туруп, мекендештерибиздин өмүрүн сактап калууга болот».

Тэги: MegaCom акысыз чалуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть