akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    07.08.2020, 09:52

    Былтыр 601 миң тонна буудай жыйналган болсо, быйыл 680 миң тонна пландаштырылууда. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бүгүн брифингде билдирди.

    «Пандемия шартына карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Алсак, буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң га жана арпанын себилиши 11,2 миң га көп болду. Бул буудайдан 2 центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет», - деп билдирди Эркинбек Чодуев.

    Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген: Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген насыялар гранттык түрдө берилген.


    Читать похожее

    • 02.01.2024, 23:48:58
    • 25.12.2023, 04:39:13
    • 25.12.2023, 04:02:21
    • 19.04.2022, 21:29:11