Шаар мугалимдеринин эмгек акысы көбөйгөндөн кийин канча сомду түздү?

23.10.2019, 11:49 Акчабар
Шаар мугалимдеринин  эмгек акысы  көбөйгөндөн  кийин канча сомду түздү?

1-октябрдан тарта шаардык мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Орточо эсеп менен 3 миңден 4,5 миң сомго чейин ар бир мугалимдин эмгек тажрыйбасына, билимине жана берген саатына жараша кошулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Башталгыч мектепте иштеген мугалимдердин эмгек акысы мурун – жогорку билими менен 17 миң 533 сом болсо, айлык көтөрүлгөн соң– 22 миң 506 сом болду. Муну менен катар, айырма – 4 миң 973 сомду түзгөн.

5 жылдык эмгек тажрыйбасы, бакалвр даражасы бар мугалимдердин айлык акысы 3 миң 325 сомго көтөрүлүп, учурда айына 15 миң 381 сомду түзөт.

Жогорку билими жана 15 жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдин айлык акысы 4 миң 592 сомго көтөрүлүп, 20 миң 901 сом алышат.

Жогорку билими бар жана 15 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар мугалим адистин эмгек акысы буга чейин 14 миң 778 сомду түзсө, 30% кошулган соң – 18 миң 921 сомду түздү.


Айлык акынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу, мугалимдердин окутуу саатынын орточо жана жогорку класстарга болгон акысы төмөндөгүчө;

- орточо кесип педагогикалык билими менен 1 саат үчүн 60 сомдон – 78 сомго чейин;

- Бакалавр даражасы бар, жогорку педагогикалык билим ээлери учүн 1 саатка – 67,5 сомдон 87,8 сомго чейин;

- Адистик жана магистр квалификациясы жана жогорку педагогикалык билими бар мугалим ээлерине 1 саат үчүн – 75 сомдон 97,5 сомго чейин төлөнөт:

Техникалык жана кенже кызматкерлердин эмгек акысын төлөө КР Өкмөтүнүн 2011 – жылдын 23 – августунда бекитилген «Коомдук чөйрөдө иштеген техникалык жана санитардык кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү» чечимге ылайык, эч өзгөрүүсүз калды.

Мындан сырткары, билим берүү Башкармалыгы билдиргендей, ар бир билим берүү кызматкерине мэрия ай сайын миң сомдон төлөп берет.

Тэги: мугалимдер айлык акы 30%

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть