Мунайдын баасы кайрадан төмөндөй баштады

02.11.2020, 17:05 Акчабар
Мунайдын баасы кайрадан төмөндөй баштады

Brent маркасындагы бир баррелге болгон мунайдын баасы январдан тарта төмөндөй баштаган. Бүгүнкү күндө анын баасы 37.2 $ түзүүдө.

Андан сырткары, WTI маркасындагы мунай дагы 40 доллардан 34,9 долларга арзандаган жана орусиялык Urals мунайынын бир баррелге болгон баасы 36.3 $ турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, 20-октябрда Brent мунайы 43.3 $ сатылган. 28-октябрдан тарта баа дароо 4.3%, кийинки күнү 2.2% түшүп кеткен. Орусиялык РИА Новости порталы, эксперттердин билдирүүсүнө таянуу менен мунайдын баасы 30 $ түшүп кетет деп жазып чыгышкан.

Эске сала кетсек, март айында ОПЕК өлкөлөрүнүн келишими, мунайдын рынокто ашыкча болгондугуна байланыштуу үзүлгөн. Бул учурда доллар дароо 72.4 рублга, евро – 82.2 рублга жогорулап кеткен. Бул Кыргызстандагы доллардын наркынын жогорулашына дагы таасирин тийгизген. 12-мартта доллар 72.9 сомго жогорулап, айдын аягында 80.8 сомду түзгөн.

Азыркы учурда доллардын наркы коммерциялык банктарда 83 сомдон сатылууда.

Тэги: Brent маркасы мунайдын баасы WTI маркасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть