Нефтрейдерлер 1-июлдан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдоно башташат

10.06.2020, 15:15 Акчабар
Нефтрейдерлер 1-июлдан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдоно башташат

2020-жылдын 1-июлунан тартып КР мунайзат рыногуна жаңы талаптар киргизилет. Эми мунай жана мунай заттарын казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкерлер жүктөө учурунда Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык чынжырча боюнча мунайзатты жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган электрондук документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жүктү жеткирүүчү транспорттук каражаттар жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү боюнча мыйзам чаралары мунай жана мунайзаттарды казып алууда, өндүрүүдө, ташып келүүдө, өлкөнүн аймагында сатууда алардын жүгүртүлүшүн контролдоо максатында белгиленүүдө. Маалыматтык системаны пайдалануу күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга, башкача айтканда, реалдуу убакыт режиминде Кыргызстандын аймагында күйүүчү майлардын ооштурулушуна байкоо жүргүзүп турууга, ошондой эле мунайзат рыногун тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет.

ЭТТКН системасы мунайзаттарды ташып кирүү/өндүрүү учурунан тартып аларды май куюучу жайлар аркылуу акыркы керектөөчүгө сатууга чейинки көзөмөлдү жүргүзөт. Ошондой эле, ал андан ары товарлардын бирдиктүү виртуалдык кампасын түзүү максатында «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасына интеграцияланат.

Ошентип, салык мыйзамдарынын чегинде күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алууга мүмкүн болот, бул өз кезегинде мамлекетке көмүскө экономика менен күрөшүүдө жардам берет. Көрүлгөн чаралар мыйзамды сактаган ишкерлердин позициясын бекемдөөгө, ата-мекендик бизнестин адилеттүү атаандаштыгы үчүн шаттарды түзүүгө мүмкүндүк түзүп, жаңы бюджеттик каражаттарды социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жумшоого жардам берет.

МСКнын www.sti.gov.kg сайтында «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз» бөлүмү түзүлгөн, анда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча зарыл маалыматтар, анын ичинде аны тариздөө тартиби камтылган. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациянын улуттук стратегиянын жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө. Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык ККМ-онлайн, идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо жана башка санариптик системалар сыяктуу фискалдаштыруу компоненттерин киргизүүдө.

Тэги: Нефтрейдер электрондук товар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть