Нурсултан Алтыбай уулу: Стипендиялык фонд ачуу кыялым орундалды

05.02.2024, 14:05 Акчабар
Нурсултан Алтыбай уулу: Стипендиялык фонд ачуу кыялым орундалды

Нурсултан Алтыбай уулу учурда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Ханянг университетинде докторантурада акысыз билим алууда. Ал Түштүк Кореянын “Global Korea Scholarship” аттуу өкмөттүк грантын утуп алган. Нурсултан жакында эле өзүнүн “Нур” стипендиялык фондун ачты. “Акчабар” Нурсултан Алтыбай уулу менен байланышып, фонддун ишмердүүлүгү жана стипендия кимдерге берилерин тактады.

Стипендиялык фондду кантип ачып калдыңыз?

Стипендиялык фонд ачууну 7-8 жыл мурда ниеттенгем. Ал кезде Түштүк Кореяда магистратурада окучумун. Бир күнү теле-берүүдөн, кийин университеттеги жаңылыктардан колунда бар корей жарандары жылына 200-500дөгөн студенттин контрагын студентке айтпай эле төлөй турганын көрүп калдым. Жеке адамдын же фирманын фондунан стипендия алып окуган жергиликтүүлөрдү да көп жолуктурдум. Ошол кезде менде дагы биздин байлар эмне үчүн мындай кылбайт деген ойлор болду эле. Биздин байлар, фирмалар эмне үчүн фонддорду ачып, ошол аркылуу туруктуу стипендия бербейт, эмне үчүн бир жолку кыска пиар менен алектенишет, эмнеге билимдин маанилүүлүгүн билишпейт деген ойлор көп болгон. Ошол кезде өзүмдүн фондум болсо, ал көптөгөн жаш окуучуларга, студенттерге жол көрсөтүп, багытын аныктап берсе деп кыялданчумун. Ошол иштин, ниеттин алкагында бүгүнкү күнү ачылып олтурабыз.

Фондду ким каржылайт?

⁠Фонд негизи эки багытта каржыланат. Биринчиси - бергенинди милдет кылба дейт эмеспи, бирок ошентсе деле айтып коё берейин. Мен өзүм деле буга чейин аздыр- көптүр ар кандай жардамдарды (кыйналгандарга, ооругандарга, сурагандарга) берип келем. Эми ошонун баарын бир гана билим багытына берейин деп чечтим. Экинчи каржылоо булагы бул демөөрчүлөр тараптан болмокчу. Жакындарым, досторум колдон келген жардамдарын беребиз деп жатышат. Буюрса, баары жакшы болот.

Стипендия кимдерге берилет? Өлчөмү канча? Талаптары, тандоо критерийлери кандай?

Азырынча так айтпай турайын. Бирок жаңы ачылгандыктан талаптар, критерийлер, суммалар өзгөрөт. Ошентсе дагы стипендияны 3 багытка бергени жатабыз. Алар мектептерде окуган окуучуларга, университетте окуган студенттерге стипендия берүү, Түштүк Кореядагы студенттердин окуусун каржылоо. Стипендия ушул үч багытта берилет.

Жылына канча студентке стипендия берилет?

Быйыл 25-майда 5 мектепке 50 окуучуга стипендия берүүнү пландап жатабыз. Анан Бишкек шаарындагы студенттерге берүүнү дагы улантабыз. Бул жылы бир берилүүчү стипендия болсо, кийинки жылдан тарта ай сайын бергенге аракет кылабыз.

Билимге инвестиция салуу эмне үчүн маанилүү?

Түштүк Кореянын өнүгүүсүндө 5 фактор негизги ролду аткарган болсо, анын бири билим. Билимдүү жаштар өз жашоосун эле оңдобостон өлкөнүн өнүгүүсүнө дагы салым кошо алат. Муун тарбияланат, муундан муунга өтөт. Билимдүү улан кыздарыбыз көбөйүшү керек. Баарыбыз жакшы жашоого акылуубуз.

Маектешкен Жанара Каденова

Тэги: билим берүү стипендия Түштүк Корея Нурсултан Алтыбай уулу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть