Өкмөт салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын максатын белгиледи

14.01.2020, 12:16 Акчабар
Өкмөт салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын максатын белгиледи

«Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максаты - жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек», - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

«Фискалдаштыруу эмне экендиги коомго толук жете элек. Бардыгы реформа бизнес жүргүзүүдө көптөгөн татаал процедураларды жаратат деп ойлошот. Бизнес өкүлдөрү, андан соң коомчулук менен жолугушууларды көп өткөрүү керек. Андай эмес экендигине негиздүү ынандыруу зарыл. Фискалдаштыруунун алкагындагы бүт аракеттер бардык процедуралардын ачык-айкындуулугуна багытталган», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кийинки жыйынга чейин долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгып, аларды жакшыртуу сунуштарын киргизүүнү тапшырып, бизнести колдоо жана салык кызматына калктын ишеним деңгээлин арттыруу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарылдыгын баса көрсөттү.

Тэги: салык фискалдаштыруу жол-жобо Өкмөт Өкмөт башчы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть