Ош облусунда 2300дөн ашык үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт

14.07.2021, 15:00 Акчабар
Ош облусунда 2300дөн ашык үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт

Ош облусунун ар бир районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар. Аймак боюнча жалпы 2332 үй-бүлө кооптуу жерлерден көчпөй жашап келишет. Бул тууралуу "Акчабарга" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан көчүүгө жардам катары берилчү каражатты 1993-жылдан 2017-жылга чейин 1536 адам алган. Ошол мезгилде элге 12 миң сомдон 24 миң сомго чейинки каражат берилген. Бирок тургундар алигиче кооптуу аймактардан көчкөн эмес.

Көчүүгө тийиш болгон жарандар 2017-жылдан тарта мамлекетке камсыздандыруу төлөм катары ай сайын 600 сомдон төлөшү керек болчу. Кооптуу аймакта жашагандардын көпчүлүгү үйүн камсыздандыруудан да өткөрбөй келет.

Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында эң көп өзгөчө кырдаал катталган жана көчүрүлүүгө тийиш аймак болуп Өзгөн району турат.

Тэги: жер көчкү ӨКМ камсыздандыруу кооптуу аймак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть