Ошто 5 млн сомдук жер тилкеси жеке адамга мыйзамсыз берилген

21.02.2024, 13:40 Акчабар
Ошто 5 млн сомдук жер тилкеси жеке адамга мыйзамсыз берилген

Ошто муктаж эмес жаранга жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттер Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Ош шаардык мэриясынын жана Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланганы аныкталган.

“Алар ортомчу жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен муктаж болбогон М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз бөлүп беришкен. Көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатылып жиберилген, натыйжада мамлекетке 5 млн сомдук материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБине тапшырылды.

Тэги: Ош облусу мыйзамсыз жер тилкеси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть