Пенсиялык топтолмо акчаны алтында, чет элдик валютада сактоо сунушталды

29.01.2024, 17:45 Акчабар
Пенсиялык топтолмо акчаны алтында, чет элдик валютада сактоо сунушталды

Социалдык фонд пенсияга топтолгон акчаны балуу металлдар менен чет элдик валюталарды сатып алууга багыттоону сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды. Бул тууралуу "Reporter.kg" жазды.

Фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, пенсиялык топтомдун көлөмү жыл сайын көбөйүп жаткандыктан жаңы инвестициялык инструменттер керек болуп жатат. Андыктан каражаттын 5-10 пайызына алтын, күмүш, платина сатып алмакчы.

Учурда Социалдык фонддун бюджетинин 85 пайызына мамлекеттик балуу кагаздар алынып, коммерциялык банктарда аманат катары 13-18 үстөк пайыз менен салынат.

“Быйыл биз мындан 4 млрд 200 млн сом пайда алдык”, - дейт Бактияр Алиев.

Депутат Жылдыз Садырбаева чет элдик валюта сатып алуу тобокелдүү иш экенин айтты.

“Акыркы геосаясый кырдаалдан улам доллар алсыздайт деген прогноз бар. Эгер валюта түшүп кетсе жоопкерчиликти ким мойнуна алат? Пенсиянын акчасын валютада кармоо бул өтө кооптуу”, - деди эл өкүлү.

Депутат Айбек Маткеримов жарандардын акчасын кайра элге жардам иретинде колдонуп, социалдык банк ачууну сунуштады.

“Банк ачуу сунушун Минкаб колдогон эмес”, - деп жооп берди Бактияр Алиев.

Сатып алынган алтын, күмүш жана платинаны Соцфонд Улуттук банкта, “Кыргыз алтын” ишканасында сактамакчы. Комитет сунушту колдогон жок.

Фонддун маалыматында, 2022-жылы пенсиялык топтом 35 млрд сомду түзсө, 2023-жылы 42 млрд сомго жетти.

Тэги: пенсия Бактияр Алиев баалуу металлдар алтын чет элдик валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть