Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.