Президент: бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды курабыз

23.07.2020, 15:40 Акчабар
Президент: бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды курабыз

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.

Сооронбай Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.

Имарат 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти жана Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.

Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.

Тэги: стационар медициналык мекеме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть