Тоң районунда 41 млн сомдук жер жеке адамга мыйзамсыз өтүп кеткен

15.03.2024, 13:15 Акчабар
Тоң районунда 41 млн сомдук жер жеке адамга мыйзамсыз өтүп кеткен

Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 21 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен жайыт катары классификацияланган 21 гектар жер тилкеси жаран Ч.К. аттуу жаранга бөлүнүп берилгендиги аныкталган. Бирок убактылуу пайдаланууга берилген жер документтерди бурмалоо жолу менен жеке менчикке өтүп кеткен.

Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыздар берилген. Сот доо арыздарды толугу менен канааттандырып, прокурордун жообунун негизинде 21 гектар аянты 40 млн 950 миң сомдук жайыт тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тэги: Тоң району жайыт жер тилкеси мыйзамсыз Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть