Президенттик администрациянын тапшырмасы боюнча Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын Концепциясынын долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери” темасындагы бетачар өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч жылга регионалдык саясат концепциясынын негизги максаты – республика аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу.
Анын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
Бетачардын жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары аймактарды өнүктүрүүнүн концептуалдык мазмунун жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштарды беришти. Анын алкагында, регионалдык саясат концепциясын толуктап чыгуу боюнча иштер улантылат.