Бишкек убактысы менен саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө 25 шайлоо тилкеси иштөөдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо участогунун төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек убактысы менен саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдөгү 24 шайлоо тилкесинде 1 миң 201 шайлоочу добуш берди. Саат 10:00до Азербайжанда 25-шайлоо тилкеси ачылды.
Маматов чет өлкөлөрдө 49 миң 111 шайлоочу бар экендигин белгиледи.