“COVID-19 кесепеттерин жоюу” долбоорунун алкагында 107 медициналык унаа Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, аталган унааларды алууга 3 млн доллар жумшалды. Ага ылайык:
- 47 тез жардам унаасы;
- 35 даана тез жардам унаасы (седан);
- 19 бирдик тез жардам унаасы (минивэн);
- каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорттун 4 бирдиги;
- 2 даана дезинфекциялоочу унаалар тапшырылды.
Тэги: медициналык транспорт тез жардам унаа саламаттык сактоо