Салык кызматкери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды

21.12.2023, 10:45 Акчабар
Салык кызматкери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облус тургунунан опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.

“Аталган кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 20-декабрь күнү 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын башчысы У.К. кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси “Опузалап пара талап кылуу” боюнча кылмыш иш козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: салык кызматы паракорчулук ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть