Семеновкадагы суу каналы 1,5 млн сомго оңдолот

06.11.2023, 09:45 Акчабар
Семеновкадагы суу каналы 1,5 млн сомго оңдолот

Ысык-Көл районунун Семеновка айылынын түндүгүндөгү Клинский айылдык бөлүштүрүүчү каналын капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Узундугу 8 чакырым бул суу канал 1978-жылы пайдаланууга берилип, Семенов айыл өкмөтүнүн 1 миң 100 га, Ананьев айыл өкмөтүнүн 778 га жана Абдрахманов айыл өкмөтүнүн 234 га аянтындагы айыл чарба жерлерин сугарууга кызмат кылат.

Бул жерлерде буудай, арпа, көп жылдык чөптөр, жүгөрү, картошка, кызылча жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айта кетчү нерсе, каналдын абалы анын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин капиталдык оңдоого муктаж.

2021-2022-жылдары каналдын 1 чакырымына жалпы суммасы 3,467 миң сомдук капиталдык иштер аткарылган. Учурда каналдын абалын жакшыртуу иштери да улантылып, тактап айтканда, 44 даана Г-120 блокторун монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, бул канал боюнча 2023-жылга карата бардык иштердин жалпы баасы 1,5 млн сомго бааланган.

Тэги: суу каналы Семеновка сугат объектилери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть