Опубликовано
07.12.2019, 06:154-декабрда, «Северэлектро» ААКнын Батыш райондук электр тармактарынын электр куроочулары «Кыргызская» көмөкчордонунан тартылган, 5 чакырым узундуктагы 10 кВ аба чубалгысына үч даана реклоузер орнотушту. Аталган чубалгы Киргизия-1 жана Ынтымак конушун электр энергия менен камсыздайт. Бул барчаны тандагалганынын себеби бар, бул фидерде авариялык өчүрүүлөр көп болгондуктан, абоненттер көп нааразычылыгын билдирип келишкен.
Эми, реклоузердин жардамы менен аба чубалгы участокторго бөлүнөт жана чубалгынын бузулган жери гана электр энергиясыз калат, башкача айтканда фидердин бузулбаган бөлүгү аралыктан башкаруу системасын негизинде калыбына келтирилет. Ал эми аба электр чубалгыларынын тартылуу узундуктары кыска болбогондуктан, мындай чектөөнүн жардамы менен бузулган жерди табуу да бир кыйла жеңилдейт.
Бүгүнкү аткарылган жумуштар эртен дагы Арча-Бешик конушунда улантылат. Мында иш-чара авариялык өчүрүүлөрдү төмөндөтүүгө жана мүчүлүштүктөрдү оперативдүү жоюга жардам берет.
Маалымат үчүн:
Реклоузер - электр чубалгыларынын автоматташтырылган секциялаштыруунун интеллектуалдык пункту. Кыргыз тилине которгондо “реклоузер” - “которгуч” дегенди түшүндүрөт. Реклоузерлер