Социалдык чыңалууну азайтуу үчүн байытылбаган унду импорттоого уруксат берүү пландалууда

15.04.2022, 14:59 Акчабар
Социалдык чыңалууну азайтуу үчүн байытылбаган унду импорттоого уруксат берүү пландалууда

Айыл чарба министрлиги “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негизи жана зарылчылыгы 2020-2021-жылдары Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана өлкөнүн калкын социалдык мааниге ээ тамак-аш продуктылары, атап айтканда, азык-түлүк буудайы жана буудай уну менен камсыздоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Үстүбүздөгү жылы негизинен ун, нан жана нан азыктары, күрүч, кант, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары кымбаттады.

“Азык-түлүккө дүйнөлүк баанын өсүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө гана таасирин тийгизбестен, республикада инфляциянын олуттуу өсүшүнө алып келди. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарына таасирин тийгизет, алар мындай шарттарда коркунучтарга жана тобокелдиктерге өз алдынча туруштук бере алышпайт. КРнын 2009-жылдын 11-мартындагы “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамына бул өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында гана киргизилген. Башкача айтканда, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген “Айыл чарба министрлиги жөнүндө” жобого ылайык – “министрликтин максаты – Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо”. Демек, министрлик социалдык чыңалууну, калкты социалдык маанилүү азык-түлүк продуктылары (азык-түлүк буудай жана буудай уну) менен камсыз кылуудагы курч кырдаалды болтурбоого кызыкдар”,- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилесек, киргизилип жаткан бул нормада төмөндөгүдөй жазылган: «Өзгөчө кырдаалда өлкө аймагына эң жогорку жана биринчи сорттогу байытылбаган унду ташып келүүгө уруксат берилет. Министрлер кабинетинин өзүнчө чечими менен белгилүү бир өлчөмдө» деп белгиленет, бул социалдык чыңалууну турукташтыруу жана басаңдатуу жана бүтүндөй өлкөдө кыйла оор кырдаалды жаратпоо үчүн зарыл болгон өлчөмдө гана импортту билдирет.

Тэги: байытылбаган ун Айыл чарба министрлиги социалдык чыңалуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть