Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.07.2020, 07:50

    Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 963 жаран автобус менен алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

    [news 25432]

    Министрликтен билдиришкендей, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридиор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

    «Кыргызстандын жарандарын Россиядан кайтаруу автобустар менен ишке ашырылууда. Бүгүн, 6-июль күнү 20 автобус менен 963 жаран Кыргызстанга келди. Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосунда дагы 12 автобус менен 533 жаран кыргыз-казак чек ара көздөй келе жатат», — деп билдирет министрлик.

    Тышкы иштер министрлиги, Россияда жүргөн кыргызстандык жарандарды чек ара ачылганга чейин орус-казак чек арасына келбөөнү суранат. Ошондой эле министрлик, кыргызстандык жарандардын орус-казак чек арасына келип, топтолушун алдын алуу максатында Россиядан (Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан) Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн билдирет.


    Читать похожее