Тажикстан өкмөтү калктын аярлуу катмарына акчалай жардам берет

13.07.2020, 09:00 Акчабар
Тажикстан өкмөтү калктын аярлуу катмарына акчалай жардам берет

Тажикстан бийлиги пандемия маалында калктын аярлуу катмарына кирген топторго эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүндө бир жолку акчалай жардам берүү жөнүндө токтом чыгарды. Аталган минималдык маяна өлкөдө 400 сомони же 39 долларды түзөт.

Токтомго ылайык, тиешелүү органдар 1-августка чейин жардам алуучу кишилердин тизмесин түзүшү керек.

Тажикстанда калктын аярлуу катмарына майыптар, жетимдер жана аз камсыз үй-бүлөлөр кирет. 2018-жылга карата 85 миң жакыр үй-бүлө мамлекеттен социалдык жардам алып келген.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө 6457 киши вирус жуктуруп алган, алардын 55и көз жумду.

Өкмөт социалдык чыгымдар үчүн эл аралык уюмдарга кайрылып, 400 млн доллар суроого аргасыз болгон.

Тэги: Тажикстан бийлиги акчалай жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть