Таш-Көмүрдөгү заводдо 80 тоннадан ашык уулуу калдыктар сакталуу

12.02.2024, 11:30 Акчабар
Таш-Көмүрдөгү заводдо 80 тоннадан ашык уулуу калдыктар сакталуу

Таш-Көмүр шаарындагы токтоп турган "Кристалл" заводунда 80 тоннадан ашык уулуу калдыктар сакталып турат. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын арасынан маселени иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.

Белгилеп кетсек, монокремний пластиналарды чыгаруучу завод 1985-жылы курулган. Заводдун ишин токтоткондон кийин резервуарларда коркунучтуу зат – трихлоросилан калган. Аталган зат салынган идиштер акырындап бузулуп, ага чейин агып кеткен учурлар болгон.

Депутат Замирбек Мамасадыковдун айтымында, Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маселени чечүүнү тапшырган, бирок ал дагы эле чечилбей келет.

Тэги: Таш-Көмүр завод зыяндуу калдыктар уулуу калдыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть