Тейлор Свифт Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине кирди

05.04.2024, 15:03 Акчабар
Тейлор Свифт Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине кирди

Америкалык ырчы жана аткаруучу Тейлор Свифт миллиардерлердин катарына кирди. Свифт ырлары жана аткаруулары аркылуу гана миллиардер болгон биринчи адам. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Тейлор Свифт 2023-жылдын октябрында “Eras” турунан түшкөн кирешенин жана музыкалык каталогунун баалуулугунун аркасында миллиардер болгон.

Учурда анын байлыгы 1,1 млрд долларды түзөт.

2021-жылы Свифт өзүнүн биринчи алты альбомун сатыкка чыгарган.

Белгилеп кетсек, ырчы "Love story", “All Too Well”, “You Belong With Me” ж.б. ырлары менен белгилүү.

Тэги: миллиардер Тейлор Свифт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть