Токой чарбасы Айыл чарба министрлигинин курамына кирет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Ал экология тармагы ӨКМден кетет деп белгиледи. Ошондой эле, Марипов тоо-кен тармагы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өзүнчө бир түзүмү болот деп кошумчалады.
«Биз тоо-кен тармагы экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошорун билебиз», - деди премьер-министрликке талапкер.
Ал Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тууралуу азырынча эч нерсе айта албай турганын айтып, бул боюнча бекитилгенден кийин министрлер өздөрүнүн сунушун берет деп жооп берди.