Токтогулдагы суунун көлөмү 8 млрд кубдан түшүп кетти

07.03.2022, 12:40 Акчабар
Токтогулдагы суунун көлөмү 8 млрд кубдан түшүп кетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8.4 млрд куб метр белгисинен ылдый түшүп кетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 млрд аз. Бул тууралуу “Улуттук энегохолдингдин” сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, суунун топтолушу сарпталышына салыштырмалуу суткасына орто эсеп менен үч эсеге аз. Мындан улам, энергетикалык компаниялар суу ресурстарын сактап калууга жана кийинки күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө бардык чараларды көрүп жатат.

Энергетиктер дагы бир жолу калкты энергетикадагы азыркы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга жана электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Белгилей кетсек, суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 1-октябрына карата 12,3 млрд кубометрди түзөт. Ал эми күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республикага 6-8 млрд кубометр суу керек.

Тэги: Токтогул суу сактагыч энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть