Туулгандыгы жана адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүкту онлайн алууга болот

04.12.2023, 12:46 Акчабар
Туулгандыгы жана адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүкту онлайн алууга болот

Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор кайра жанданды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документ Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик каттоо кызматтарына талапкерлердин кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү куруу максатында кабыл алынган.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында 2022-жылдын 3-октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин туулганды жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды мамлекеттик электрондук система аркылуу берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган.

Пилоттук долбоордун алкагында 2023-жылдын сентябрынын башына карата мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу келип түшкөн кайрылуулардын негизинде 86 баланын төрөлүшүн мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын 32си үйлөрүнө жеткирилген.

Тэги: туулгандыгы тууралуу күбөлүк өлгөндүгү тууралуу күбөлүк санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть