16-июлда КР Улуттук банкы коммерциялык банктардагы кызматтарга үч талапкердин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу регулятордун расмий сайтында айтылат.
Буга ылайык Улуттук банк төмөнкү талапкерлердин талапкерлигин жактырды:
- «РСК Банк» ААК тарабынан көрсөтүлгөн Бекболотов Данияр Жеңишбековичтин талапкерлиги «РСК Банк» ААКнын жетекчилер кеңешинин төрагасынын кызматына жактырылды;
- «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» тарабынан көрсөтүлгөн Власова Александра Александровнанын талапкерлиги «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкынк» ЖАКнын ички аудит бөлүмүнүн башчысынын кызматына жактырылды;
- «Оптима Банк» тарабынан көрсөтүлгөн Усупбаева Нуршат Токтогуловнанын талапкерлиги «Оптима Банк» ААКнын башкы бухгалтеринин кызматына жактырылды.
Тэги: Улуттук банк талапкерлик