Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайызга чейин жогорулатты

10.03.2022, 14:05 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 14,0 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк Башкармасы 10-мартта пландан тышкаркы отурумда эсептик ченди 400 базистик пунктка 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 10-мартынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда Россияга карата киргизилген санкциялардан улам фундаменталдуу факторлор менен шартталган алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү байкалууда. Орус рублинин алмашуу курсу бир АКШ доллары үчүн 116-120 рублга өскөн. Кыргызстандын соода жүргүзүү жана акча которуулар жаатында соода боюнча өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз экономикалык байланышын, ошондой эле тышкы чөйрөдө улам күч алган белгисиздикти эске алганда, биздин өлкөнүн валюта рыногундагы басым сакталат.

Өз тарабынан Улуттук банк тышкы чөйрөдө жана ички валюта рыногунда түптөлүп жаткан жагдайга кылдат көз салып турат, зарылчылык келип чыккан учурда, тиешелүү чараларды колдонот. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүп жатат жана бардык зарыл болгон жөнгө салуу инструменттерин колдонууга киргизет. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунда да катышып жатат жана жетиштүү ресурстар көлөмүнө ээ – 7-мартка карата Улуттук банктын алтын-валюта камдарынын көлөмү 2,7 млрд доллардан жогоркуну түзөт (6 ай импорт көлөмүнө барабар).

«Тышкы чөйрөдөгү өнүгүүнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Кыргызстандагы инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук банк инфляцияга ички жана тышкы таасирлерге туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.

Тэги: эсептик чен КР Улуттук банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть