Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын бир унциясы бир сутка ичинде 0,61%га кымбаттады.
Алсак, 6-апрелге карата кайра сатып алуу баасы 172 288,5 сом деп белгиленген. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында берилген.
Бир күн мурун, 5-апрелде кайра сатып алуу 171 миң 239 сомду түзгөн.
Муну менен алтындын унциясын кайра сатып алуу баасы 1 49,5 сомго же 11,5 долларга жогорулады.
Кошумчалай кетсек, 6-апрелге карата Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймаларынын унциясын 198 миң 548 сомдон сатып алууга болот.