15-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
“Унаа” мекемеси Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 16-марттан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:
“Борбор калаанын батыш тарабынын тургундары ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30дан 17:30га чейин “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан аймактар аралык бөлүмүнө кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.