“Унаа” мекемесинин Токтогул сектору беш күн иштебейт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токтогул райондук электр тармактары тарабынан чубалгы оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу 16-сентябрга чейин аймакта эртең мененки саат 8ден кечки саат 6га чейин жарык өчүрүлөт.
Жарандар “Унаа” мекемесинин облустагы башка бөлүмдөргө кайрылса болот.