«WhatsApp» тиркемесиндеги шылуундардан кантип сактануу керек?

08.03.2024, 14:27 Акчабар
«WhatsApp» тиркемесиндеги шылуундардан кантип сактануу керек?

Соңку кездери кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарда кыргызстандык жарандар "WhatsApp" мессенджеры аркылуу жасалган алдамчылык аракеттер тууралуу видеокайрылууларды активдүү бөлүшүп жатышат.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды эскертип, шылуундарга кандай мамиле кылуу керектигин түшүндүрдү.

Тактап айтканда, видео чалуу аркылуу өздөрүн укук коргоо кызматкерлери катары тааныштырышат, айрымдары милиция кызматкеринин формасын кийип байланышка чыгышат.

Ошентип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун кыраакы болууга, эмоцияга алдырбоого жана негизги коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

  • эч кандай шартта мындай адамдар менен диалогго кирбеңиз;
  • эгерде сүйлөшүү башталса, анда сизге чалып жаткан кызматкердин жеке маалыматтарын текшериңиз, андан кийин ал иштеген агенттикке телефон чалып коюңуз;
  • белгисиз абоненттик номурларды, анын ичинде чет өлкөлүк байланыш операторлоруна таандык номерлерди блоктоо;
  • дароо 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуруна чалыңыз.

Тэги: WhatsApp шылуундук уурулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть