Январында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Кыргызстанда белгиленди

15.02.2022, 10:46 Акчабар
Январында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку инфляциянын деңгээли Кыргызстанда белгиленди

2022-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда катталды.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12,8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9,7 пайызга көп өлчөмдө жогорулады. Ошол эле мезгилде Беларусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүүсү (9,1 пайыз) катталды.

Тэги: ЕАЭБ өлкөлөрү инфляция кономиканын керектөө сектору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть