Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чакан ГЭС ишке берилди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, анын кубаттуулугу 4,5 мегаватт.
Гидроэлектрстанция жыл сайын 17 миллион киловатт-сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул райондун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15 пайызын камсыздайт.
Долбоор үчүн 2,5 миллион доллар бөлүнгөн. Акчаны фонддордун бири берген.