ЮНИСЕФ ӨКМге 2,2 млн сомдой каражатка лазердик принтер тапшырды

09.02.2024, 14:45 Акчабар
ЮНИСЕФ ӨКМге 2,2 млн сомдой каражатка лазердик принтер тапшырды

ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине он лазердик принтерди тапшырды. Алардын наркы 2,2 млн сомдон ашат. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Жабдуулар жапон өкмөтү каржылаган мектептердин климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине даярдыгын жогорулатуу долбоорунун алкагында сатылып алынды.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти чукул кырдаалдар үчүн зарыл болгон шаймандар менен жабдыган: үн күчөткүчтөр, кол сиреналар, өрткө каршы калкандар, эвакуациялык замбилдер, дары кутулары, авариялык туткалары бар эшиктер, ж.б.

“Өзгөчө кырдаалдарда жаш балдар айрыкча аярлуу болушат. Ошондуктан биз аларды коопсуздук сактоого жардам берген билим жана аспаптар менен камсыз кылышыбыз керек. Биз өнөктөшүбүз жапон өкмөтүнө – мындай маанилүү ишти колдоп бергенине ыраазыбыз”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Тэги: ЮНИСЕФ жапон өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть