Өзгөчө макамдагы ЖОЖдор топтолгон каражатын илимге жумшайт

11.03.2024, 14:20 Акчабар
Өзгөчө макамдагы ЖОЖдор топтолгон каражатын илимге жумшайт

Өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайлар топтолгон каражаттарын илим тармагын өнүктүрүүгө багыттайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бюджети 1 миллиард сомго чейин өсүп, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жеткен.

Өзгөчө макамдагы университеттер топтолгон каражаттарды илимди, технологияны, инновацияларды, стартаптарды, лабораторияларды өнүктүрүүгө багытташат.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды илгерилетүү үчүн “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашыруу башталды.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында “Кытай университети – Кытай ишканасы – Кыргыз университети” кызматташуу модели боюнча Лу Бань атындагы цехтер түзүлүүдө.

Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн биринчи жолу Дүйнөлүк банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыгып, ратификациялоодон өтүп жатат. Долбоор инновацияларга, прикладдык изилдөөлөргө жана изилдөө лабораторияларына, инновациялык университеттерди, алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүгө багытталат.

Кыргызстанда өзгөчө статуска ээ беш университет бар.

Тэги: илим билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть