Жалал-Абад облусуна 150 тонна арпанын үрөнү алынып келинди

03.03.2022, 09:25 Акчабар
Жалал-Абад облусуна 150 тонна арпанын үрөнү алынып келинди

Жалал-Абад облусунун төрт районуна 150 тонна жазгы арпанын үрөнү алынып келинди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынынан билдиришти.

Бул үрөндөр облустун аймактардагы кезекке турган дыйкандардын керектөөлөрүнө ылайык бөлүштүрүлүп, эки жылдык мөөнөт менен насыяга берилет.

"Сапаттуу үрөндөр Россиядан алынып, алдыда облуска башка дан эгиндеринин үрөндөрү да жеткирилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 22-февралда Кара-Балта жана Балыкчы станцияларына элиталык жана биринчи репродукциядагы «Ставрополь уруктары» компаниясынын Вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнүнүн алгачкы 7 вагону (жалпы) келген.

«Айыл Банк» ААКнын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык насыя түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50% кайтаруу менен. Үрөндүн баасы: элита – килограммы 53,85 сом жана биринчи репродукция - килограммы 47,1 сом.

Тэги: жазгы үрөн Вакула сортундагы арпа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть