Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аптека облустук клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан.
Мында өтө зарыл деп эсептелген 800дөй дары-дармек бар. Алдыда дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.
Бул дарыканадан препараттарды менчик аптекаларга салыштырмалуу 20%га чейин арзан сатып алса болот.
Кошумчалай кетсек, мындай мамлекеттик дарыканалар өлкөнүн бардык район-шаарларында ачылат.