Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадиону 40 млн сомго оңдолот

29.01.2024, 15:50 Акчабар
Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадиону 40 млн сомго оңдолот

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону реконструкцияланат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 млн сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.

“Долбоор эл аралык талаптарга жооп берген заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

"Курманбек" стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Анын аянты 3,6 гектарды түзүп, 4 миң 500 орунга ылайыкташкан.

Кошумчалай кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 28-январда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионун реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Тэги: Жалал-Абад Курманбек стадиону оңдоп-түзөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть