Жапаров: 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз

22.01.2024, 10:16 Акчабар
Жапаров: 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров тышкы карыз кандай максаттарга алынып жатканы боюнча эч кандай чочулоого негиз жок экендигин билдирген.

"Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок”, - деди ал.

Анын айтымында, учурда тышкы карыздар төлөнүүдө. Мурдагы алынган карыздар 2035-жылга чейин төлөнүп бүтөт.

“Айрым жарандарыбыз "эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!" деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот”, - деди президент.

Ошондой эле, ал мамлекет "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даяр экенин, эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, долбоор өзүн 12-13 жылда эле актай турганын билдирди.

“Ал эми "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт”, - деген ал.

Тэги: Тышкы карыз Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть