Жапаров китепканачы, актёр жана соцкызматкерлер канча айлык алып баштаарын айтты

04.04.2022, 12:01 Акчабар
Жапаров китепканачы, актёр жана соцкызматкерлер канча айлык алып баштаарын айтты

Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, өткөн жылы медиктердин айлыктары көтөрүлгөндүгүн эске салып, бүгүндөн тартып социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк. Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү. Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат. Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды. Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми 28 239 сом айлык алат. Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле мамлекет башчысы социалдык кызматкерлердин өтүнүчтү толук канааттандырылганын белгиледи.

"Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт. Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат",- деп кошумчалады президент.

Тэги: социалдык жана маданият тармагы айлык акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть