Жапаров: Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталат

21.03.2022, 14:44 Акчабар
Жапаров: Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталат

Өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата өтүп жаткан салтанаттуу иш-чаранын жүрүшдө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт.

“Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 млн доллар болсо, жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыктык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул – элдин жеңиши! Кумтөр – Кыргызстанга таандык! Бул тарыхый учур”,- деди Жапаров.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргыз өкмөтү Канадалык “Centerra Gold Inc” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү өз карамагына алган. Кийин министрлер кабинети Кумтөрдүн айланасындагы акыркы абал боюнча билдирүү кылып, анда аталган компания кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алгандыгы айтылган.

Тэги: Кумтөр алтын кени Тышкы  башкаруу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть