Жарандарды мыйзамсыз чет өлкөгө жумушка жөнөткөн компания аныкталды

26.01.2024, 11:10 Акчабар
Жарандарды мыйзамсыз чет өлкөгө жумушка жөнөткөн компания аныкталды

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз жумушка орноштурган чет өлкөлүк “Monto Corporation” компаниясы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган компания Словакияга автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна кыргызстандыктарды жөнөтүп турган.

"Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталбаган жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылбаган муну менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган.

Министрлик мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында аталган уюм менен чет өлкөгө жумушка тартуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн.

Тэги: мыйзамсыздык жумуш жумушсуздук чет өлкө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть